Түркиялык адистер Кыргызстандын органдарды алмаштырууга даярдыгын баалап жатышат

Түркиялык медициналык адистер Кыргызстандын органдарды трансплантациялоого даярдыгын баалап жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандагы клиникалардын боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча жогорку технологиялык операцияларды жүргүзүүгө даярдыгын баалоо үчүн Бишкекке Инөнү университетинин ректору, академик Ахмет Кызылай баштаган түркиялык медициналык адистерден турган делегация келди. Иш сапардын алкагында делегация саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов менен бирге Улуттук хирургиялык борборго жана Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна клиникалардын органдарды трансплантациялоо операцияларын жасоого даярдыгы менен таанышуу үчүн барышты.

Улуттук хирургия борборунун даярдыгы менен таанышуу маалында түрк адистери операциялык жана реанимация бөлүмдөрү, кошумча керектүү медициналык жабдуулар боюнча өз сунуштарын беришти. Сөөк чучугун трансплантациялоого даярдык боюнча айтсак, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун бөлүмү бардык талаптарга толук жооп берет.

Related posts

Акжол Махмудов дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов менен күрөшөт 

admin

УКМК: КР аймагында жашыруун террордук топтун 30 жактоочусу кармалды

admin

 Саламаттык сактоо министри болуп Гүлнара Баатырова дайындалды

admin

Комментарий