Түркиянын президенти кыргызстандык куткаруучуга мамлекеттик сыйлык тапшырды  

 Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн кыргызстандык куткаруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго Түркия Республикасынын «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» жогорку даражадагы мамлекеттик медалын, ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакпаевге Ардак грамота тапшырды.

Сыйлоо аземине КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана министрдин биринчи орун басары Азамат Мамбетов катышты.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи 25-апрелде Түркиянын Анкара шарындагы Президенттик сарайында өткөн.

Белгилей кетсек, кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахранманмараш жана Хатай шаарларында издөө-куткаруу иштерин ийгиликтүү жүргүзүп, натыйжада урандылардын арасынан 8 адам куткарылып, каза болгон 198 адамдын сөөгү чыгарылган.

Мындан тышкары, Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.

Related posts

Лейлекте өспүрүмдөргө нике кыйган молдо кармалды

admin

Унаасын көл жээгине чейин алып барып, эс алгандарга 15 миң сом айып пул салынды

admin

Ибраев: Жарык кечинде бир саатка өчүрүлүп жатат

admin

Комментарий