Төө-Ашууда таш кулап, буста келе жаткан 11 жаштагы кыз каза болду

Төө-Ашууда таш кулап, Оштон келе жаткан Mercedes-Benz Sprinter микроавтобусундагы окуучу кыз каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 29-март күнү болжол менен саат 16:40тар чамасында болгон.

«Микроавтобус түштүктөн түндүктү көздөй бара жаткан. Бишкек — Ош унаа жолунун 93-чакырымында тоодон чоң таш кулап, автоунаанын арткы айнегинен ичине кирип арт жакта отурган 11 жаштагы кызды басып калган», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Сак болуңуз! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Telegram аркылуу «ИГИЛ» уюмуна азгырылган кыргызстандык кармалды

admin

УКМК Академиясын негиздеген Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирүү

admin

Комментарий