Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы жана Министрлер кабинетинин орунбасары Камчыбек Ташиевге өлкөбүздө УКМК Академиясынын негизделишине демилге көтөрүп, ишке ашырганы үчүн ыраазычылыгымды билдирем, — деди запастагы майор Чолпон Адамалиева.
Бул окуу жайынын ачылышы — кадрларды улуттук деңгээлде даярдоону өркүндөтүүгө жана мамлекеттин коопсуздугун чыңдоого багытталган стратегиялык мааниси чоң окуя.
Кадрлар кызматынын запастагы офицери катары, төрт жылдан ашуун убакыт бою УКМК кызматкерлеринин өлкө ичинде жана чет мамлекеттерде даярдалышын жана кайра даярдалышын жетекчилик кылып келген адис катары, өз Академиябыздын түзүлүшү — кызматкерлерди сапаттуу жана системдүү даярдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн өзгөчө суктануу менен белгилеп кетем. Улуттук коопсуздукту камсыздоодо кесипкөй улуттук кадрларды даярдоонун ролу зор экенин таанышыбыз керек.
Академиянын начальниги генерал-майор К.Н. Бокаев баштаган бардык окутуучулар курамына Ачык эшиктер күнүнө чакырганы үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Академияга мындан аркы өнүгүүнү, адистерди жогорку деңгээлде даярдоону жана мамлекеттин гүлдөп-өсүшүнө салым кошууну каалайм!
Урматтоо менен, запастагы майор Чолпон Адамалиева, — деп билдирди.
