УКМК: Ала-Бука районунда коррупция боюнча айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

КР УКМК жергиликтүү тургундардан мыйзамсыз аракеттерге байланыштуу көптөгөн даттануулар түшкөндөн кийин Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Н.Б.ны кармады.
Тактап айтканда, Н.Б. жергиликтүү кеңештин учурдагы депутаты С.Ж. менен тил табышып, 2023-2024-жылдар аралыгында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин берүүнү убада кылып, жергиликтүү тургундардан 100дөн 300 миң сомго чейинки акча каражатын алганы аныкталган. Ошол эле учурда Н.Б. жайгашкан жерин көрсөтпөстөн жеке турак-жай куруу үчүн аларга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча 136 жасалма буйрук чыгарган. Жергиликтүү тургундарга келтирилген зыяндын суммасы алдын ала 10 млн.сомду түзгөн.
Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Б. бизнестеги 20% үлүш үчүн жогорудагы айылдык Кеңешинин депутаты С.Ж.га ресторан куруу үчүн 1 га жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп бергени аныкталган.
Учурда кармалган адамдар КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
КР УКМК Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткандардын бардыгын КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына кайрылууну өтүнөт.

Related posts

Акылбек Жапаров кызматынан бошотулду

admin

Жаңы жылдык майрамда кыргызстандыктар канча күн эс алат?

admin

ТИМ Сириядагы кыргызстандыктарды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды

admin

Комментарий

WWW.NET.KG WWW.NET.KG