УКМК: Алдамчылык фактысы боюнча Бишкек шаардык кеңешинин депутаты кармалды

Соңку кездери социалдык түйүндөрдөгү жана мессенджердеги аккаунттарды колдонуу менен жасалган алдамчылык фактылары көбөйүп, анда кылмышкерлер өздөрүн жогорку бийлик өкүлдөрү катары көрсөтүүдө.
Буга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары башка укук коргоо органдары менен биргеликте мындай окуяларды аныктоо жана алдын алуу боюнча системалуу иш алып барууда жана жабырлануучуларга келтирилген зыяндын ордун толтуруу чаралары көрүлүүдө.
Жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты М.у А. тарабынан алдамчылык фактысы аныкталып, ал 2024-жылдын октябрь айында шайлоо компаниясын каржылоо максатында WhatsApp мессенжери аркылуу өзүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев катары көрсөтүп, алдамчылык жолу менен партиянын мүчөсүнүн 30 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган.
Бул фактынын негизинде УКМК алдамчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анын алкагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты М.у.А. кармалып, ага тиешелүү айып тагылып, 2025-жылдын 17-мартында камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
УКМК жарандарды сак болууга жана мыйзамда каралган чаралар көрүлүүсү үчүн мындай окуялар боюнча тез арада укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.

Related posts

Мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөрүлдү

admin

Садыр Жапаров баштаган жетекчилер Аксы, Апрель окуяларын эскерди 

admin

Жолдорду автоунаа ээлеринин эсебинен оңдоо боюнча мыйзам долбоору ЖКда каралууда.

admin

Комментарий