УКМК: Баасы 18 млн. АКШ долларынан ашуун Ош шаарындагы «Ош-Нуру» мейманкана комплекси мамлекеттин балансына кайтарылды.

КР УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Ош шаарында жайгашкан, болжолдуу баасы 18 млн.АКШ долларынан ашуун, 0,8 Га жер тилкеси бар "Ош-Нуру" мейманкана комплекси өткөрүлүп берилди.
      Учурда КР УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо  боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Бишкекте Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды

admin

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды 

admin

Кайгуулчулар Бишкектин Кулиев көчөсүнөн эркек кишини кармап кетишти

admin

Комментарий