УКМК: Башкы дарыгер 300 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

2025-жылдын 16-июлунда Өзгөн райондор  аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери  Б.Г.Т. 300 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалды. 
   Бул факт боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош областы боюнча тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган. Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
   Белгилей кетсек, УКМК кызматкерлери тарабынан санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумундагы коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Өзгөн-Кара-Кулжа райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Б.Г.Т. мыйзам бузууларды жашыруу жана кылмыш ишин козгоодон баш тартуу үчүн УКМКнын кызматкерине 100 000 сом пара сунуштаган. Баш тартуудан кийин ал акчаны 300 миң сомго чейин көбөйтүп, пара берүү аракетин уланта берген.
   КР УКМК саламаттыкты сактоо системасындагы жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Related posts

КР УКМК: Сүлүктү шаарындагы 2,4 га жер тилкеси бар кыш заводу ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду

admin

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногуна $394 млн сатты 

admin

Комментарий