УКМК: Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы пара менен кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын биринин начальниги тарабынан 20 000 сом өлчөмүндө акча талап кылуу фактысынын бетин ачты.

Бишкек шаардык мэриясынын МТУнун жетекчиси «К.Э.А. Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан функционалдык арналышын өзгөртүү менен мурда ижарага алынган жер тилкесин кеңейтүү маселесин макулдашууда оң жагына чечип берүү үчүн жабырлануучудан 20 миң сом сумманы талап кылган.

2025-жылдын 20-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек шаарынын мэриясынын жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын биринин башчысы «К.Э.А. 20 000 сом өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. Кармалган адам Бишкектеги №1 СИЗОго киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

«Унаанын» көптөгөн бөлүмдөрүндө иш процесси үзгүлтүккө учурап жатат, — ИИМ

admin

Аскарбек Жаныбеков: дыйкан-фермерлерге 3,4 млрд. сом жеңилдетилген насыя берилди

admin

Колледждердин 25 окутуучусу инклюзивдүү билим берүү боюнча курстан өтүп жатат

admin

Комментарий