УКМК: Чүй облусунун Панфилов районундагы «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» мамлекеттик менчикке кайтарылды

КР УКМК тарабынан Чүй облусунун Панфилов районундагы мурда жеке жак тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кайыңды нан кабыл алуу пункту” мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облустук мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 3,4 га болгон «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» имараттары жана курулуштары менен бирге жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийинчерээк үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси сметалык баасы 650 млн. 82 миң сомдук объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Учурда КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген өндүрүштүк жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Аба ырайы. Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

mediaportalk

Ирандын президенти авиакырсыкта каза болду

mediaportalk

Месси ал үчүн «Алтын топтон» да маанилүү болгон сыйлыктарды атады

mediaportalk

Комментарий