УКМК: Чүй облусунун Токмок шаарындагы мрамор жана керамикалык-гранит плиталарын чыгаруучу завод мамлекеттин балансына өткөрүлдү

КР УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди, анын ичинде өнөр жай жана социалдык объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралардын алкагында, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн тергөө-оперативдүү иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин атынан Чүй облусунун Токмок шаарында жайгашкан «Кыргыз Тоо Таш» өндүрүштүк масштабындагы керамикалык -гранит буюмдарын, мрамор плиталарын жана кум-шагыл аралашмасын өндүрүү боюнча завод мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.
Маалымдама: «Кыргыз Тоо-Таш» заводу 60-жылдардан тартып, Бүткүл союздук мааниге ээ болгон жана СССРдин көптөгөн шаарларын таш менен камсыз кылган. Бишкектин (Кыргызстандын борбору) муниципалдык имараттарынын 60% дан ашыгы «Кыргыз Тоо-Таш» (гранит, мрамор, акиташ ракушечник, шагыл) материалдарын колдонуу менен курулган.
Өндүрүш модернизацияланган жана Италиядан алынып келинген эң заманбап жабдууларга негизделген; заводдун карамагында өзүнүн карьерлери, кирүүчү темир жол жана жүк ташуучу унаалар паркы бар.
Айлык өндүрүштүн көлөмү 30 000 чарчы метрден ашык каптоочу плиталарды (мрамор, акиташ, гранит) түзөт.
Ошол эле учурда жогоруда аталган ишкананын ишмердүүлүгү даяр продукцияны ири көлөмдө экспорттоого багытталган.

Related posts

КР УКМК: «Кадастр» мамлекеттик иш канасынын Бишкек филиалында коррупциялык схемага бөгөт коюлду

admin

КР УКМК: Адам органдарын мыйзамсыз сатуу менен алектенген трансулуттук топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

admin

Эртеңден баштап кыргызстандыктар 3 күн эс алышат 

admin

Комментарий