УКМК чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграция каналынын кылмыштуу ишмердүүлүгүн токтотту

УКМК 2026-жылдын 16-мартында ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында чет элдик жарандардын мыйзамсыз миграциясы боюнча каналдын уюштуруучусу жана анын шериги болгон А.М. жана И.Т.В. аттуу жарандарды кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, пландык мыйзамсыз миграцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы медициналык маалымкаттарды жасалмалоо жана сатуу фактысы аныкталган.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 16-мартында Бишкек шаарында   КР УКМКсы тарабынан Пакистан Ислам Республикасынын жараны А.М. кармалды. Ал пакистандык жана бенгал улутундагы чет өлкөлүк жарандарга иш жүзүндө медициналык кароодон өтпөстөн даяр медициналык маалымкаттарды сатып жүргөн. Аталган мыйзамсыз иш-аракетке Улуттук госпиталдын медициналык кызматкери И.Т.В. көмөк көрсөткөн.

Жүргүзүлгөн тинтүү учурунда А.М.нын жашаган жеринде жана И.Т.В. иштеген жеринде чет өлкөлүктөргө Кыргыз Республикасынын аймагында болууга укук берген визаларды тариздөөдө колдонулуучу 160тан ашык даяр медициналык маалымкаттар табылып, алынган.

Эске салабыз, Түштүк Азия өлкөлөрүндө жогорку өлүм менен мүнөздөлгөн «Нипах» вирусунун жайылышы катталып жаткан шартта, чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында медициналык текшерүүдөн өтпөстөн жүрүүсү өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалга түздөн-түз коркунуч жаратат. Бул улуттук коопсуздуктун маанилүү маселеси болуп эсептелет.

УКМК чет өлкөлүк жарандарды терс кесепеттердин алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоого чакырат.

Учурда мыйзамсыз миграция каналынын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда, ошондой эле бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Related posts

УКМК: Курулуш объектилериндеги кырсыктар боюнча жооптуу адамдар кармалды

admin

имитированная коллекция галстуков из натурального шелка в национальном стиле (фото)

admin

Акын Болот Назаров бейтааныш адамдын жылкысын тартып алган деген шек менен кармалды

admin

Комментарий