УКМК «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады

Бишкекте «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү Ж.Ч.А. кармалды.

Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлгөн.

«Буга байланыштуу Ж.Ч.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар УКМК органдарына 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылыңыз», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин эми Равшан Сабиров жетектейт

admin

Кара-Көл шаарынын мэриясында коррупциялык мыйзам бузуулар аныкталды

admin

Финансы министри: тышкы карызды алдын ала төлөй алабыз, бирок зыянга учурайбыз

admin

Комментарий