УКМК Эркинбек Маканбаевдин мезгилсиз каза болгонуна терең кайрыгуу менен көңүл айтат

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана жеке курамы полковник Эркинбек Чаканович Маканбаевдин 2025-жылдын 11-декабрында мезгилсиз каза болгондугуна терең кайгыруу менен үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.

1972-жылы туулган Эркинбек Чаканович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылынын тургуну. Ал 1994-жылы Ош жогорку технологиялык колледжин, ал эми 2015-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (магистратура) юридикалык адистик боюнча аяктаган.

Эркинбек Чаканович Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында 2001-жылы кызмат өтөй баштап, 2025-жылга чейин ар кандай оперативдик жана жетекчилик кызматтарды аркалап келген.

Кызматтык милдеттерин аткаруудагы оң натыйжалары үчүн ал ведомстволук сыйлыктар жана мактоолор, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сыйлыктары менен сыйланган.

Эркинбек Чаканович менен бирге кызмат өтөгөндөрдүн баары аны татыктуу жетекчи, чыныгы офицер жана милдетин терең сезген жоопкерчиликтүү кызматкер катары эскеришет.

Ал коопсуздук кызматкерлеринин бир нече муунун тарбиялап, аларга ар дайым чынчыл жана адилеттүү болууга, коопсуздук салттарын урматтоого, туруктуу жана берешен болууга, коопсуздук кызматкеринин наамын бийик кармоого жана өз мекенин сүйүүгө үйрөткөн.

Эркинбек Чаканович боорукер жана мээримдүү адам, жакшы дос жана ишенимдүү жолдош болгон. Анын жаркын элеси  биздин эсибизде дайыма сакталат. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, ардагерлери жана жеке курамы анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.

Related posts

Бишкекте депутат 1 млн сом алып жаткан жеринен кармалды, — УКМК

admin

Азамат Абсаттаров: “Молдо Нияздын тарыхый мектеп-үңкүрү кооз жайга айланат”

admin

Иракта үйлөнүү тойдо өрт чыгып, 100 адамдын өмүрүн алды (видео)

admin

Комментарий