УКМК: “Хизбут-Тахрир” уюмунун Кыргызстандагы лидери өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылгандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан «Хизбут-Тахрир Аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун иерархиясына кирген башчыларды жана жогорку кызматтагы функционерлерди нейтралдаштыруу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаралардын алкагында КР УКМК тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир Аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмунун лидерлери жана функционерлери кармалган, алардын арасында учурдагы жана мурдагы «масулалар» (республика боюнча лидерлер), финансист, ошондой эле «мусоиддер» («масуланын» жардамчылары жана белгилүү бир аймакка жооптуулар) бар.

Кармалган адамдардын көрсөтмөсү менен “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрү бир нече жылдан бери Кыргыз Республикасынын калкынын арасында экстремисттик идеологияны пропагандалоо, жаңы жактоочуларды тартуу, интернетте фейк аккаунттарды түзүү, ошондой эле жашыруун басмакананы пайдаланып, Кыргыз Республикасынын аймагында материалдарды көчүрүү жана таратуу менен алектенип келишкендиги такталды.

«ХТ» ДЭУнун экстремисттик аракеттерин каржылоо үчүн республиканын бардык региондорунда катардагы мүчөлөрдөн акча каражаттарын чогултуу боюнча тармак түзүлгөн, бирок чогултулган каражаттар жогорку даражалуу функционерлерге ыйгарылып, алар каражатты өз каалоосу боюнча пайдаланышкан. Жыл сайын «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрү тарабынан республика боюнча 7-8 миллион сомго жакын каражат чогултулган.

Жогорудагы иш-чаралардын алкагында Ош облусунун Кара-Суу айылынын 1964-жылы туулган Ю.Н.Д. аттуу тургуну «ХТ» ДЭУнун иерархиясында  “Мандуб” кызматын ээлеген – “Кыядатанын” («Хизбут-Тахрир» ДЭУнун чет өлкөдөгү штаб-квартирасы)  Кыргыз Республикасындагы өкүлү болуп, ал чет өлкөдө жүргөндө Кыргыз Республикасынын аймагындагы экстремисттик иштерди координациялаганы аныкталган. Ошондой эле, жогоруда аталган каражаттар  анын дарегине жөнөтүлгөн.

Мындан улам, КР УКМКнын колдо болгон материалдарынын алкагында Ю.Н.Д. эл аралык издөөгө алынды.

КР УКМК эскертет: Жарандардын диний-экстремисттик уюмдардын ишмердигин уюштуруусу жана аларга катышуусу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330, 331, 332-беренелери боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет.

Related posts

«Ата-энесин бакпаган адам мамлекетке кызмат кылып жарытпайт». Депутат карылар үйүндөгү карылар тууралуу маселе көтөрдү

admin

Аялын өлтүрүүгө шектелген Казакстандын мурдагы экономика министри камакта калтырылды

admin

Бишкекте жашы жете элек кыз сойкулукка мажбурланган. 23 жаштагы кыз кармалды

admin

Комментарий