УКМК: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде координациялык кеңешме өткөрүлдү

2025-жылдын 23-январында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн жана УКМК кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери боюнча жолугушуусу болуп өттү.
Аталган иш-чара Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы генерал-полковник К.К. Ташиевдин тапшырмасы менен уюштурулду.
Иш-чарага 150 адам, окутуучулар, кызматкерлер, студенттер, институттардын жана колледждердин директорлору, ошондой эле филиалдардын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдүн алкагында коррупция менен күрөшүүгө багытталган чараларды түшүндүрүү болду. Тагыраагы, кызматкерлерге коррупциялык схемаларга аралашпоо тууралуу эскертүү берилди.
Иш-чаранын соңунда УКМК кызматкерлери коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ар бир жаранда жоопкерчилик болуусу керектигин белгилешти. Ушундай эле иш-чаралар университеттин башка кампустарында да өткөрүлүп, билим берүү мекемелериндеги адилеттүүлүк жана ачыктык принциптерин бекемдөө талабы коюлганы айтылды.

Related posts

Бишкекте курсанттар жол кырсыгына кабылышкан. Окуя боюнча кылмыш иши козголду

admin

Самара Каримова кызынын ысымын Айсулуу Тыныбекованын атынан койду

admin

Кыргызстанда УКМК жана ФСБ академияларына кабыл алуу башталды

admin

Комментарий