УКМК: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схема аныкталды

 КР УКМК билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схеманы аныктады.
     Өткөрүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЖОЖдун айрым окутуучулары  финансылык пайда табуу максатында окуу мезгилинде  Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн чет өлкөлүк студенттерге акчалай сыйлык үчүн экзамендик журналдарына жана башка тийиштүү кагаздарга  тиешелүү  бааларды коюп беришкен.
     Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аталган ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ге карата  эч жака чыкпоо боюнча тил кат алынып,  ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

КР УКМК: «Ынтымак» ААКсынын 255,6 га жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Эртең кыргыз-өзбек чек арасындагы «Ак-Кыя-автожол» өткөрүү жайы 4 саат иштебейт

admin

Акжолтой Тукуновдун кармалганы маалымдалды

admin

Комментарий