УКМК: И.Раззаков атындагы университеттин айрым окутуучулары жана администрация кызматкерлери кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

КР УКМК жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучуларынын мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктады.

Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында КМТУнун айрым окутуучулары студенттерге чет өлкөлүк университеттерден жасалма академиялык аныктамаларды жана транскрипттерди бергени, анын негизинде 200гө жакын студент КМТУга мыйзамсыз которулганы аныкталган.

Тергөө жана оперативдүү иш-чаралардын натыйжасында КМТУнун кафедра доценти Ш.А.А.  кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Учурда бул мыйзамсыз ишке катышкан КМТУнун башка окутуучулары жана администрация кызматкерлери аныкталууда

КР УКМК коррупциялык иштерге катышкан жарандар, статусуна же социалдык абалына карабастан, учурдагы КР мыйзамдарына ылайык, сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Related posts

В Ак-Суу открылось новое здание районного отдела ГКНБ

admin

Число пострадавших в Баткене выросло до 55 человек, есть погибшие – Минздрав

admin

Камчыбек Ташиев подарил двухкомнатную квартиру матери шестерых детей

admin

Комментарий