УКМК К.Асанбектин эки унаасын мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү тууралуу маалыматты төгүндөдү

УКМК соцтармактарда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан мурда аталган “Мыйзамдагы ууру” К.Асанбекке (Камчы Көлбаев) таандык болгон эки унааны өткөрүп бергени тууралуу маалыматты расмий түрдө четке кагууда.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбекке тиешелүү бир нече автоунаалар кармалып, кийинчерээк алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилген. Андан кийин УКМКнын буга эч кандай тиешеси болгон эмес.
Белгилей кетсек, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин балансында өзүнүн функцияларынаткаруу үчүн жетиштүү сандагы унаалар бар.
УКМК жарандарды чагымчыл, жалган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана көңүл бурууга чакырат.
Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасында башаламандыктарды, чыр-чатактарды жаратууга багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн тиешелүү жоопкерчилик тартаарын кайрадан эскертүүгө мажбур.

Related posts

Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев кармалып, камакка алынды

admin

УТРКнын мурдагы директору Кайрат Иманалиев жаңы кызматка дайындалды 

admin

Оштун мэри батирлердин ижара акысын негизсиз түрдө жогорулатуунун алдын алууну тапшырды

admin

Комментарий