УКМК: Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу дагы бир жаран кармалды

УКМК тарабынан Камчы Көлбаев тарабынан кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында, 8-январда В.Р.Г. аттуу Кыргыз жараны кармалды жана УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, ошондой эле Камчы Көлбаевге таандык болгон төмөнкү ири объектилердин курулушуна биргелешип катышкан: «Березка» мончо комплекси, «Барс» эс алуу борбору, «Каганат Резорт» эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Ордо» соода борбору, ошондой эле «Сейил» шаарчасындагы коттедждер.

Учурда УКМК тарабынан Камчы Көлбаевге тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Related posts

Орусияда кыргызстандык жаран жеке ишкер менен анын кызын өлтүрүүгө шектелип жаткан. Сот чечим чыгарды

admin

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде «Жаш манасчы» айкели орнотулду

admin

Бакыт Төрөбаев айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

admin

Комментарий