УКМК: Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы аянты 800 чарчы метр 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү

Мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган социалдык инфраструктуралык объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында КР УКМК Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан «Ак-Сай» мейманканасын менчиктештирүү учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды бузуу фактыларын аныктады.
КР Президентинин буйругу менен 1996-жылы мейманкана республикалык «Дыйкан-Ордо» эркин фермерлер жана айылдык ишкерлер ассоциациясынын балансына өткөрүлгөн. Ал эми 2004-жылы Бишкек шаарынын мэриясы жанаша жайгашкан 0,325 гектар жерди 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берген.
Бирок, 2005-жылы республикалык «Дыйкан-Ордо» ассоциациясынын башкармалыгынын мурдагы төрагасы И.Р.А. өз ыйгарым укуктарынан аша чаап, белгиленген тартипти бузуу менен «Ак-Сай» мейманканасын Кыргыз Республикасынын жараны С.Э.А.га 1 млн. сомго саткан.
Бүгүнкү күндө аталган объектте көп кабаттуу турак үйдүн курулушу аяктоодо.
Көз карандысыз экспертизанын корутундусуна ылайык, бүгүнкү күндө мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 170 миллион 554 миң сомду түзөт.
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жана түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн үлүшчүлөрү жер тилкесин менчиктештирүүнүн жол-жобосундагы мыйзам бузууларды моюнга алып, ордун толтуруу катары өз ыктыяры менен 9 батир жана аталган курулуп жаткан турак үйдөн 300 чарчы метр коммерциялык жайды өткөрүп берди.

Related posts

15-16-май күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы 400 гектар жерди мамлекеттик баланска кайтаруу жөнүндө

admin

Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду

admin

Комментарий