УКМК: “Керемет Банктын” ишине байланыштуу Улуттук банк башкармалыгынын мурдагы мүчөсү кармалды

“Керемет Банк” ААКтын ишине байланыштуу Улуттук банк башкармалыгынын мурдагы мүчөсү Ж.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлненттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК банк тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында КР Улуттук банкынын жетекчилигинин, «Керемет Банк» ААКнын жооптуу кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча, ошондой эле «Керемет Банк» ААКнын (мурдагы «Росинбанк») 8 миллиард сомдон ашык каражатты мамлекеттик бюджеттен мыйзамсыз инвестиция салууда көрсөтүлгөн, ал эми бул банктын иши чыгашалуу болуп, андан мурда мамлекетке 4,5 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада иш боюнча алынган далилдерди эске алуу менен көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурдагы куратору КР Улуттук банкынын башкармалыгынын мүчөсү Ж.Т. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен келтирилген зыяндын так өлчөмүн аныктоого, ошондой эле кылмыш жасоого катышкан адамдардын чөйрөсүн аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары активдүү уланып, алардын аракеттерине тергөөнүн жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

Тергөө иштери уланууда.

Related posts

Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК колдоду

admin

Билим берүү министрлигине каникулду узартуу боюнча сунуш түштү 

admin

Бишкектеги Панфилов атындагы парк аймагындагы 41,6 млн сомдук жер тилкеси жеке менчикке өтүп кеткен. Ал мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий