УКМК: КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды

КР УКМК ФМга караштуу МСКнын системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында  КР ФМ караштуу МСКнын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.К.А. тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысын аныктады.
    Тактап айтканда, С.К.А. кызматтык абалынан пайдаланып, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында иштеген товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өткөнү үчүн күн карама майын импорттоочулардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.
   Алсак, тоскоолдуксуз импортту колдоо үчүн С.К.А., ЖЧКнын биринин жооптуу адамдарынан 20 миң АКШ доллары суммасында жана 1 млн. сомго жакын акча каражаттарын алган.
   2025-жылдын 29-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын   Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.К.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата андан ары камакка алуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Садыр Жапаровдун Францияга болгон иш сапары аяктап, Сауд Аравияга жөнөп кетти

admin

УКМК: Жалпы аянты 1,79 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

admin

Ошто бензин куюлган 3 цистерна темир жолдон чыгып, бир адамды басып калган 

admin

Комментарий