УКМК: КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды

КР УКМК ФМга караштуу МСКнын системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү токтотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында  КР ФМ караштуу МСКнын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.К.А. тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысын аныктады.
    Тактап айтканда, С.К.А. кызматтык абалынан пайдаланып, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында иштеген товарларды эсепке алуу пункттары аркылуу тоскоолдуксуз өткөнү үчүн күн карама майын импорттоочулардан акча каражаттарын мыйзамсыз чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.
   Алсак, тоскоолдуксуз импортту колдоо үчүн С.К.А., ЖЧКнын биринин жооптуу адамдарынан 20 миң АКШ доллары суммасында жана 1 млн. сомго жакын акча каражаттарын алган.
   2025-жылдын 29-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын   Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын мониторинг жана маалыматтык системаларды камсыз кылуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы С.К.А. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата андан ары камакка алуу жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

«ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун жеткире иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү 

admin

Баткенде үй курам деп миллиондорду уурдоого шектүү “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын жооптуу өкүлү кармалды

admin

КР УКМК: Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча «Кыргызстандын улуттук электр тармактары»ААКсынын Бишкек электр тармактар ишканасынынжооптуу кызматкери кармалды.

admin

Комментарий