УКМК: КР Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору системалуу түрдө акча чогултканы үчүн кармалды

КР Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгындагы мыйзамсыз иш-аракеттерди аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым инспекторлор системалуу түрдө жол кыймылынын эрежелерин бузгандардан акча каражатын опузалап талап кылуу менен алектенишкени аныкталган.
Материалдык пайда табуу максатында Ички иштер министрлигинин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын айрым инспекторлору жол эрежесин бузгандардан мобилдик капчыктарын толтурууну талап кылып, алардын ордуна административдик бузуулар боюнча тиешелүү протоколдорду түзүшкөн эмес.
Мындан улам, үстүбүздөгү жылдын 15-январында КР ИИМдин Ош облусу боюнча Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө
КР ИИМдин Ош облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору милициянын старшинасы Ж.У.А. кармалды.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Чүйдө 16 жаштагы Даниэль 8 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

admin

2-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бүгүн Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 56 жашка толуп жатат

admin

Комментарий