УКМК: КРСУга абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды

Бишкектиги Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетине (КРСУ) абитуриенттерди кабыл алууда коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою жогорку окуу жайга абитуриенттерди кабыл алууда бюджеттик орундарга студенттерди мыйзамсыз кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Россиянын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет. Бирок министрликтин жана КРСУнун жооптуу кызматкерлери республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган Кыргызстандын жарандарын аталган орундарга киргизип турган.

Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы жетекчиси А.Г.М. жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Л.Т.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Базар-Коргондо салык бөлүмүнүн башчысы пара алууга шектелип кармалды

admin

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сөз сүйлөдү

admin

Бишкектен Орусия жана Европага баңгизат ташууга шектүүлөр кармалды 

admin

Комментарий