УКМК: Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

КР УКМК уюшкан топ түзүү же ага катышуу фактысы боюнча УКТ мүчөлөрү Б.К.Н., Ы.Р.А. жана Ж.А.М.ны кармады.
Мурда бир нече жолу соттолгон Б.К.Н, Ы.Р.А. жана Ж.А.М. кылмыш келишимине кирип, кылмыштарды жасоо жана мыйзамсыз каржылык баюу максатында уюшкан кылмыштуу топ түзүп, физикалык зомбулук менен коркутуп-үркүтүү жолу аркылуу жеке ишкерлердин кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.
Атап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтун аталган мүчөлөрү алдамчылык аракеттер аркылуу курулуш фирмасынын жетекчилигин өзүнүн аффилирленген жактарына кыймылсыз мүлк объекттерин кайра каттоого мажбурлап, анын ордуна курулуш материалдарын берүүгө убада беришкен. Ошол эле учурда, бул топ туруктуу негизде курулуш компаниясынын директорунун кеңсесине келип, компаниянын жетекчилигин коркутуп, алардын мүлкүн кылмыштуу топтун колуна өткөрүп берүүнү көздөгөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында жогоруда аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Б.К.Н., Ы.Р.А. жана Ж.А.М. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Жогорудагы кылмыш ишинин алкагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого тиешеси бар башка адамдарды да аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Related posts

Бишкекте жаңы №101 автобус каттамы ишке кирди

admin

Бала бакча ачууну каалагандарга жеңилдетилген насыя берилүүдө. Шарты

admin

Визасынын мөөнөтү өтүп кеткен 45 чет өлкөлүк жаран депортацияланды

admin

Комментарий