УКМК кызматкери Ысык-Көл спартакиадасынан сумо боюнча алтын медалга ээ болду

4–12-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында КМШ жана ШКУ мамлекеттеринин XXIV Эл аралык Ысык-Көл спартакиадасы «Азия – шериктештиктин жана тынчтыктын аймагы» урааны алдында өттү.

115 кг салмактагы таймашта Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын кызматкери мыкты оюн көрсөтүп, Өзбекстан, Россия жана Кытайдан келген күчтүү атаандаштарын жеңип, алтын медалга татыды.

Бул ийгилик кыргыз спортчуларынын жогорку даярдыгынын жана күч-кубатынын айкын далили болуп, өлкөнүн спорттук нукура намысын эл аралык аренада дагы бир жолу даңазалады.

Related posts

КР УКМК: Эл аралык наркоканалды уюштуруп жаткан жеринен КР жараны жана анын шериги БМЖКККнын Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкери кармалды

admin

Жамалбек Ырсалиев: Күнүнө 3-4 миң сом таап атам деп мактанган айдоочулар бар экен

admin

Баткенде Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

admin

Комментарий