УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

КР УКМК Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматындагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюу алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө пара алуу фактысын аныктады.
   Тактап айтканда, Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча башкармалыгынын башчысы А.А. жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош облусунун Кара-Суу району боюнча текшерүү бөлүмүнүн башчысы М.М.С. өздөрүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, кыска мөөнөттүн ичинде жеке ишкердик субъектилерине колдоо көрсөтүү үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп, ошондой эле кирешелерди азайтуу жана чыгашаларды көбөйтүү максатында бухгалтердик документтерди бурмалоого көмөктөшүшкөн.
   Ошентип, көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттер менен мамлекеттин кызыкчылыктарына өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
   Азыркы учурда коррупциялык схеманын башка катышуучуларына карата мындан ары кармоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар улантылууда.

Related posts

Уулуу түтүн Нью-Делини каптады. Шаарда мектептер жабылып, жол кыймылы чектелди

admin

Бишкекте +18 градус. 18-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропорттун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди 

admin

Комментарий