УКМК: Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы жана улук инспектору кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө МСКнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «А.А.Т.» ЖЧКсынын ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандыгы аныкталды.
Бирок, МСКнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери салык төлөмдөрүн жашыруу жана төмөндөтүү максатында бурмаланган маалыматтарга атайылап жол беришкен жана компаниянын мамлекеттик бюджетке ири карызы бар экендигин жашырышкан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, КР Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда, текшерүү бөлүмүнүн ага инспектору Т.А.А. жана текшерүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ж.Б.К. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине жана 97-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Related posts

Садыр Жапаров Рахим Ага Хан ханзааданы кабыл алды

admin

К.Ташиев Нарын шаарына атайын техникаларды пайдаланууга берди

admin

 Садыр Жапаров манасчы Рысбай Исаков менен жолугушту

admin

Комментарий