УКМК: Миллиондогон акчаларды мыйзамсыз жүгүртүүнү уюштургандар кармалды
2 минуты назад

Бул тууралуу УККМКнын маалымат борборунан билдиришти.
КР УКМК республикалык бюджетке зыян келтирген кылмыштарды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларды уюштуруунун натыйжасында КРнын Т.Р.Р. жана Д.у.А. аттуу жарандарын кармады.
Аталган жарандар «цыганская почта » деп аталган акча каражаттарын легалдаштыруунун мыйзамсыз каналын жеке баюу максатында тиешелүү мамлекеттик органдарда эсепке албастан уюштурганы аныкталды.
Т.Р.Р. жана Д.у.А. Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда ар кандай кылмыштуу схемалар аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, Россия Федерациясынан келип түшкөн жалпы суммасы 20 млн АКШ долларын түзгөн акча каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишкен. Кээ бир учурларда алар өз милдеттенмелерин аткарбай, башка бирөөлөрдүн акчасын алдоо жолу менен ээлеп алышкан.
2024-жылдын май айында А.Л. аттуу КР жараны жогорудагы адамдарга алмашуу курсу боюнча 2 млн. АКШ долларын түзгөн , 165 млн. рубль берген.
2025-жылдын 20-майында Т.Р.Р. жана Д.у.А. аттуу жарандар кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь сотунун токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №21 абагына киргизилди.