УКМК: «Мостовой» соода түйүнүндө жасалма iPhone телефондорун сатуу ачыкка чыкты

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында «Айчүрөк» соода борборунун имаратында иш жүргүзгөн «Мостовой» соода түйүндөрүнүн кызматкерлери телефон оңдоочу адистердин жардамы менен сыйымдуулугу 256ГБ болгон жаңы телефондорду ачып, тиешелүү микросхемаларын которуп, мобилдик аппараттардын сыйымдуулугун жасалма ыкмалар аркылуу 1ТБга көбөйтүшкөнү аныкталды. Андан соң телефондор кутучаларга салынып, жаңы жана ачыла электей көрүнүшкө ээ болуу үчүн, жергиликтүү шаардык басмаканаларда жасалган фабрикалык чыптамалар менен оролгон.

Андан ары, жасалма айфондор «Мостовой» дүкөндөр тармагында, ЦУМ «Айчүрөк» жана «ГУМ» соода борборлорунда жайгашкан башка дүкөндөрдө жогорулатылган баада сатыла баштаган.

КР УКМК «Мостовой» соода түйүндөрүнөн iPhone уюлдук телефондорун сатып алган жарандарды iUnlocker сайты аркылуу жарыяланган заводдук мүнөздөмөсүнө шайкештигин текшерүүнү өтүнөт. Эгерде дал келбестиктер аныкталса же өз алдынча текшерүү мүмкүн болбосо, 0 995 300 871 телефон номуруна кайрылууга чакырабыз.

Related posts

Депутат Ташиев: «Судьялар кыргыз тилин билиши керек жана туугандары соттолгон болбошу керек»

admin

Өзүнчө күзөт жана камсыздоо батальонунун жаш жоокерлери ант беришти

admin

Президент эки жылда эмне иштерди аткарды — тышкы карыз

admin

Комментарий