УКМК: Мурда киши өлтүрүп соттолгон, «Дженгонун» кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын 2-сентябрында КР Мамлекеттик чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан учурда КР УКМКнын «Ак-Жол унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайында «Дженго» каймана аты менен белгилүү криминалдык авторитет К.Досоновдун  уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда киши өлтүрүү менен соттолгон,  1992-жылы туулган Жалал-Абад облусунун тургуну А.У.Ж кармалды.

Тактап айтканда, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүнүн алкагында, Жалал-Абад облусунда 2023-жылдын октябрь айында криминалдык кошуундарды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча масштабдуу иш-чаралардын алкагында тинтүү-иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Related posts

Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган белгилүү «шылуун» Абдулла Юсупов кармалды

admin

Бишкектеги соода борбордун эскалаторуна наристе кыпчылып калды

admin

Кыргызстандык 2 спортчу АКШда өткөн фестивалда алтын медаль жеңди (сүрөт)

admin

Комментарий