УКМК: Ош жана Баткенде баңги зат таратуучу канал аныкталды

Бул туурасында УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 17-февралында УКМК менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын биргелешкен ыкчам иш-чарасынын натыйжасында, козголгон кылмыш ишинин алкагында өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын сактоого жана сатууга шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган.

Тактап айтканда, 1988-жылы туулган А.А.Н. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары Ош облусунун аймагында баңгизат сатуу менен алектенгени аныкталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө контролдук сатып алуулар жүргүзүлдү. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат жалпы салмагы 1 килограммга жакын гашиш болуп чыкты.

Ушул жылдын 17-февралында биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Баткен шаарынын аймагында кармалып, КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык УКЖга киргизилди.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

Балдарга кам көргөн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Жарлыкка кол коюлду

admin

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик эскертет: Ар бир адамдын купуялыгын камсыз болуусу керек

admin

Кыргызстандан Азербайджанга 100 топоз авиакаттам аркылуу экспортко жиберилет

admin

Комментарий