УКМК Ошто билим берүү мекемелеринде корррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү 

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгында жогорку окуу жайларынын жетекчилери, шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, мектептердин жана балдар бакчаларынын директорлору менен жолугушуу өткөрүлдү.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, жолугушууга ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ош шаардык прокуратурасынын, УКМКнын өкүлдөрү катышты.

Анда окуучулардын коопсуздук ченемдерин жана эрежелерин катуу сактоо, билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин эмгек ишмердүүлүгү, аталган тармакта коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча маселелер талкууланды.

Related posts

Бакыт Төрөбаев айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

admin

UWW Жоламан Шаршенбековду жылдын балбаны деп тандады 

admin

УКМК «Дед Хасан» кылмыштуу топтон баш тартканын айткан. Анын депутат уулу үн катты

admin

Комментарий