УКМК: Пара берип жаткан жеринен Ош облусунун Алай районунун тургуну кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.


Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК кызматкерине 75 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурда Ош облусунун Алай районунун М.С.Ж. аттуу тургуну кармалды.

Жогорудагы жаран аталган акча каражатын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен мурда Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон жалпы аянты 3,0 гектар болгон менчиктештирилген жер тилкесине карата текшерүү иш-чараларын токтотуу максатында берген.

Учурда зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө, — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Нарын шаарындагы откананын имаратын мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Айжамал Кабылова: «Үйдө аялдын, сыртта эркектин ишин кылып жатам»

admin

Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 35,4 млрд. сомго чыкты

admin

Комментарий