УКМК: “Саяк” жана “Мики Чор” каймана аттуу УКТнын активдүү мүчөлөрү кармалды 

Нарын облусунун Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 7-декабрда УКМК жана Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте «Кыргыз-Көмүр» МИнын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде эл үчүн жеңилдетилген арзан баада аныкталган №24 бөлүмдөн, «Саяк» каймана аты бар К.М. жана «Мики Чор» каймана аты бар Ж.М. аттуу Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды.

Эскерте кетсек, буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4 миң сомдон арзан баада аныктаган.

Ошентип, К.М. жана Ж.М. 2022-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.

Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.

Related posts

Кыргызстан менен Түркия тасма жана сериалдарды биргелешип тартат

admin

Улукбек Жолдошбеков Республикалык спорт колледжинин директорунун орун басары болуп дайындалды

admin

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз болуп жаткан жигитти 300 киши издеп жүрөт

admin

Комментарий