УКМК: Спирт ичимдиктерин аткезчилик жол менен алып кирген Кыргыз жарандары кармалды 

Бүгүн, 18-декабрга караган түнү УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Лейлек районунда коңшу өлкөдөн Кыргыз Республикасынын аймагына спирт ичимдиктерин ташыган Кыргыз жарандары кармалды.

УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Алга айылынын аймагынан, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден УАЗ Хантер үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаанын ичинде эки Кыргыз жараны болгон. Текшерүү учурунда унаанын ичинен спирттик ичимдиктери бар 3 челек табылды. Жыйынтыгында бул жарандар аткезчилик жол менен алып өтүүгө тийиш болгон жалпы көлөмү 1000 литрдин 600 литр спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды. Чогулган материалдар маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Related posts

«5 тонна алтынды сатып». Балбак Түлөбаев монорельс курууну дагы сунуштады

admin

КР УКМК: Кара-Балта шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалды

admin

Жол фонду 2021-жылы декабрда түзүлгөн.

admin

Комментарий