УКМК: Сузак райондук калкты тейлөө борборунун башкы адиси кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук калкты тейлөө борборунун башкы адиси кармалды.

Тактап айтканда, П.Б.М. өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жарандардан системалуу түрдө акча алгандыгы аныкталган. Аталган кызматкер 21 000 сом суммасындагы акча каражаттарын электрондук капчык аркылуу кайтаруу учурунда кармалган.  Учурда П.Б.М.  КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кыргыз Республикасынын жарандыгы чет өлкөлүк жарандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен гана мыйзамда белгиленген мамлекеттик алымдардан тышкары акысыз негизде берилерин белгилей кетүү керек.

Учурда кармалган адамдын, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын ушул сыяктуу башка фактыларын аныктоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Related posts

Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

admin

12-13-октябрь күндөрү Бишкектеги студенттер да онлайн окушат

admin

Ысык-Көл облусунда эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын терс таасирине каршы жалпы профилактикалык иш-чаралар уюштурулду

admin

Комментарий