УКМК: Сузакта жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу схемасы аныкталды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн тергөө жана оперативдик иш-чаралардын натыйжасында, «Сузак тазалык коому» муниципалдык ишканасынын М.И. аттуу директору  С.Н. менен алдын ала сүйлөшүп, Сузак районундагы Благовещенка айылында жеке турак жай курулушу (ЖТК) үчүн жер участокторун берүүгө көмөктөшүү шылтоосу менен, айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуп, жер тилкелерин жарандарга бир участок үчүн 700 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейинки баада сатканы аныкталган. Маалыматты атайын кызматтан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган адамдар мыйзамсыз сатылган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында жер мунапысынын талаш-тартыштуу маселелери боюнча мамлекеттик комиссиялар аркылуу кароо жол-жоболорун колдонушкан.

«Кылмыш ишинин алкагында М.И. жана С.Н. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда кылмыш ишинин бардык учурларын, мыйзамсыз алынган каражаттардын суммасын аныктоо жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мындай кылмыштуу аракеттер жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишенимин кетирип, мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирерин белгилейт. Мамлекеттик кызматкерлердин жана муниципалдык кызматкерлердин катышуусундагы жер маселесиндеги  коррупциялык жана алдамчылык схемаларын аныктоо боюнча аракеттер уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Активист Илгиз Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты

admin

Депутат Мамасадыков алтын медаль уткан спортчу менен жолугушту

admin

Аялдар октябрь ичинде айрым ооруларга акысыз текшериле алышат

admin

Комментарий