2025-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев мурдагы М.В.Фрунзе атындагы 100 жылдык тарыхы бар машина куруучу заводдун аймагында болду.
Советтер Союзу тарагандан кийин, бул завод жеке менчиктештирүү жана мамлекеттик ишканаларды реформалоо программасынын негизинде реабилитацияга тийиш болчу. Бирок 1995-жылдан тарта заводдун ликвидация процесси башталып, 61,2 гектар аймак бөлүнүп-жарылып, ар түрдүү субъекттерге жеке менчикке өткөрүлүп берилген.
Бүгүнкү күндө бул аймакта 200гө жакын ишкердик субъекттер иштеп, ар кандай өндүрүш менен алектенүүдө: тиричилик химиясы, металлоконструкциялар, тигүү цехтери, типография, курулуш материалдары, азык-түлүк ж.б. Ошондой эле бул аймак кампалар катары колдонулуп келет.
2023-жылы УКМК тарабынан бул жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү сот процесстери жүрүп жатат.
Жергиликтүү ишкерлер жана кызматкерлер К.Ташиевге кайрылып, түзүлгөн кырдаалды өз көзү менен көрүп, жардам көрсөтүүнү өтүнүшкөн. Мунун алкагында заводдун аймагында чыгарылган продукциянын көргөзмөсү уюштурулуп, бизнес өкүлдөрү менен ачык баарлашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
К.Ташиев өндүрүшчүлөрдү колдоо, аларды кысымдан жана криминалдык түзүмдөрдөн коргоо, ошондой эле соттук иштерди адилеттүү кароо боюнча өз көз карашын билдирди. Ал ошондой эле соттордун көз карандысыздыгын белгилеп өттү.
Анын айтымында, завод аймагындагы ишканалар келечекте өндүрүштү кеңейтип, инвестиция тартып, өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошо алышат.





