
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 2025-жылдын 18-октябрында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Кемин чек ара заставасынын өздүк курамына жаңы JAC 8 кызматтык автоунаасын тапшырды.

Заставдын командирине автоунаанын ачкычын тапшырып жатып, УКМКнын башчысы чек ара бөлүктөрүн заманбап техника жана курал-жарак менен камсыздоо комитеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

«Чек аранын ар бир тилкеси менин жеке көңүлүмдө. Биз чек арачыларыбыздын татыктуу кызмат өтөөсүнө бардык шарттарды ырааттуу түзүп, алардын күжүрмөн даярдыгын жогорулатуудабыз», — деп баса белгиледи генерал-полковник Ташиев.

КР УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси , генерал-майор Абдикарим Алимбаев генерал-полковник К.Ташиевге чек ара заставасын кыдырып чыкты.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-августунда реконструкцияланган Кемин заставасынын салтанаттуу ачылышы болуп, түндүк аймактагы биринчи модернизацияланган объект болуп калды. Имараттарда капиталдык оңдоо иштери аяктап, жаңы инфраструктуралык объектилер курулуп, кызматкерлерди тейлөө жана жашоо үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Кемин районундагы Нур айылында жайгашкан Кемин заставасы мамлекеттик чек аранын 200 чакырымдай бөлүгүн коргоого жооптуу, анын бир кыйла бөлүгү тоолуу аймактар жана Чүй дарыясы аркылуу өтөт.


Жаңы техникаларды өткөрүп берүү жана Кемин заставасын реконструкциялоо мамлекеттик чек араны бекемдөөгө жана КР УКМКнын Чек ара кызматынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатууга дагы бир кадам болуп саналат, ал акырында өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
