УКМК: Талас шаарында “Шүкүн” каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

КР УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукту жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Талас облусунун тургуну, мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгон “Т.Ш.Т.” аттуу жаран криминалдык идеяны колдоп, жайылтуу максатын көздөп, ошол эле учурда баңгизат колдонуп жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алынган.
Ыкчам маалыматка ылайык, аталган жаран А.Батукаев, К.Асанбек, А.Бокушов жана Ч.Джумагуловдор менен жазаларды аткаруу кызмат мекемелеринде бирге жаза өтөгөндүгү жана алар менен байланыштыгы бардыгы такталган. Криминалдык чөйрөсүндө каймана аты “Шүкүн” деп аталып, маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунда турган.
Азыркы учурда, “Т.Ш.Т.” убактылуу кармоочуу жайына киргизилип, медициналык каароонун жыйынтыгында наркотикалык заттарды колдонгондугу аныкталды.

Related posts

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева жолдошун элге көрсөттү

admin

Бишкекте дагы бир сквер курулуп жатат

admin

Бишкекте өлкөнүн башкы балатысын алуу иштери башталды

admin

Комментарий