УКМК: Таласта каза болгон УКМКнын кызматкеринин үй-бүлөсүнө материалдык жана социалдык колдоо көрсөтүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 30 декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — УКМКнын Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасынын негизинде, Талас шаарынын тургуну 5 баланы жалгыз өзү тарбиялап келе жаткан Керимбаева Толгонай Таласбаевнага (маркум УКМКнын подполковниги Б.М.О. жубайы) жардам иретинде материалдык көмөк көрсөтүлдү.
Андан сырткары, Т.Керимбаевага жана анын балдарына Жаңы жыл майрамына карата белектер берилип, патриоттук сезимде тарбиялоо максатында, маркум УКМКнын кызматкерлери ардайым эсте жана алардын жакындары өзгөчө мамилеге ээ экенин билдирип, Талас облусу боюнча УКМКнын имараттында жыйын өткөрүлдү.
Белгилеп кетсек, 2023 жылы, Т.Керимабаеванын генерал-полковник К.К.Ташиевге кайрылусу канаттандырылып, Талас шаарынан 3-бөлмөлүү батир Мамлекеттик ипотекалык компаниясынан кезексиз бөлүнүп берилген. Жашы жете элек 4 балдарына ай сайын УКМКдан пенсия төлөнүп келет.

Related posts

24-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы 

admin

Кыргызстандын абрикосунун дээрлик бардык экспорту ЕАЭБге кетет

admin

Айтмат Азамжанович: “Түрк дүйнөсүндө улут сыймыктары Молдо Нияз менен Төрөкул Айтматов даңазаланат” 

admin

Комментарий