УКМК: Таласта салык кызматынын бөлүм жетекчиси пара менен кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК тарабынан мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2025-жылдын 15-январында Талас шаардык мамлекеттик салык кызматынын салык көзөмөлдөө жана карыздарды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Ж.Б. ишкердик субъектинин салык карызын азайтуу үчүн 100 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы  менен кармалды.

Аталган факт боюнча кармалган жаран Талас шаарынын ИИБнын  УКЖсына киргизилди. Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

УКМК жарандарды мамлекеттик жана укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталган учурларда 03422 — 5-20-43, 03422 5-28-58 ишеним телефону аркылуу кайрылууга чакырат.

Related posts

7-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

23-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

admin

Эч качан терезеден секирбеңиз! Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

admin

Комментарий