УКМК тарабынан күрөөканалар текшерилди

УКМК тарабынан күрөөканалардын ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

26-декабрда Чүй облусунун бардык аймагында ломбарддардын ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү. Иш-чаралардын алкагында 40тан ашык күрөөканалар аныкталып, тиешелүү лицензиялык жана уруксат берүүчү документтер, күрөөгө коюлган талаптар жана акча каражаттарынын келип чыгышынын мыйзамдуулугу текшерилди.

Ошону менен бирге жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча бардык айыптык санкцияларды эске алуу менен пайыздарын минималдуу деңгээлге чейин төмөндөтүү жана 20 пайыздык чектик ставкадан ашпоо боюнча милдеттенмелер алынды. Учурда аталган башкармалык тарабынан өлкөнүн мыйзамдарын бузган күрөөканаларды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Related posts

Кулубаев: Россия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 3,2 млрд. долларды түздү

admin

ЗАМИР ИЛИПОВДУН КИТЕПТЕРИ ЖЕНЕВАДАГЫ КӨРГӨЗМӨГӨ КОЮЛАТ

admin

Путин жол тандабасына Мирзийоев менен Токаевди салып айдады

admin

Комментарий