УКМК техникалык жана IT-адистерди кызматка чакырат


💡 Интеллект жана коопсуздук: жаңы муун үчүн чакырык

КР УКМК жарыялайт!

2025-жылдын 24-октябры

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев белгилегендей:

«Келечек интеллектке, техникага жана илимге таандык. Биздин милдет – таланттууларды өз убагында аныктап, аларга мүмкүнчүлүк түзүү жана өлкөнүн коопсуздугу менен өнүгүүсү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү».

🌐 Улуттук коопсуздуктун жаңы доору

Бүгүн дүйнө улуттук коопсуздукту камсыздоонун жаңы этабына өттү. Эми согуш жана коргонуу физикалык гана эмес, кибернетикалык жана интеллектуалдык мейкиндикке да жайылды.

Заманбап куралдуу күчтөр — бул танктар же учактар гана эмес. Аларга жасалма интеллектке негизделген башкаруу системалары, дрондор, киберкоопсуздук, криптография жана башка технологиялар кирет.

👩‍💻 Техникалык адистер – өлкө коопсуздугунун негизги күчү

Биз жогорку деңгээлдеги техникалык билимге ээ жарандарды, анын ичинде чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн кызматка тартууга өзгөчө көңүл бурабыз.

Маалыматтык технологиялар, киберкоопсуздук, жасалма интеллект, криптография, системалык аналитика – бул тармактар жаңы муундагы улуттук коопсуздуктун негизи.

Чет жактан билим алган жаштардын мекенге кайтып, өз билимин улуттук долбоорлорго багытташы – бул өлкө үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Биз аларга татыктуу орун, мамлекеттик масштабдагы милдеттер жана кесиптик өсүү шарттарын сунуштайбыз.

🧠 Бизге керектүү адистер:

  • маалыматтык коопсуздук
  • аналитика жана маалымат иштеп чыгуу
  • жасалма интеллект жана автоматтык иштеп чыгуулар
  • тармактык технологиялар
  • программалык камсыздоо инженерлери
  • системалык башкаруу
  • криптография
  • дрон конструкторлору
  • киберпсихология жана жүрүм-турумду талдоо адистери
  • 2-3 чет тилин билген адистер

📋 Негизги талаптар:

  • жашы 30 жашка чейин;
  • Middle/Senior деңгээл;
  • физикалык жана психикалык жактан дени сак;
  • жогорку билим жана 2 жылдан кем эмес тажрыйба;
  • соттуулугу жок;
  • купуялуулукта иштөөгө даярдык;
  • чет өлкөлүк ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнө артыкчылык берилет.

📞 Байланыш:

КР УКМК

Телефон жана WhatsApp: 0999 012 012

Related posts

Айыл өкмөттүн орун басары УКМКнын кызматкерине 100 миң сом берүүгө шектелип кармалды

admin

«Кумтөр Голд Компани» 2024-жылдын 9 айындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

admin

 Бишкекте чет элдик лидерлердин катышуусунда эл аралык иш-чаралар өтөт 

admin

Комментарий