УКМК: Терроризм актысы тууралуу анонимдүү билдирүүлөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын билим берүү мекемелеринин жетекчилерине түшүндүрүү-профилактикалык иштер жүргүзүлдү

КР УКМК терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган анонимдүү билдирүүлөрдүн алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2023 — жылы Бишкек шаарында 179 жалган билдирүү катталганын, 2024 — жылы көрүлгөн чаралардын натыйжасында бул көрсөткүч 33кө чейин азайганын билдирет. Ошол эле учурда атайылап жалган анонимдүү билдирүүлөр боюнча 20га жакын адам кармалган, алардын көпчүлүгү 16 жашка чыга элек адамдар (мектеп окуучулары).
Буга байланыштуу 2025-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин, колледждердин жана техникумдардын директорлоруна, жалпы 160тан ашуун адамга карата түшүндүрүү-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.


Аталган иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга сабактардын үзгүлтүккө учурашы жана окуу процессинин графигинин кечигүүлөрү, ошондой эле студенттерди эвакуациялоо менен анонимдүү ар бир жалган билдирүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин мамлекеттик органдарынан 50 кызматкер тартылып жаткандыгы тууралуу маалымат берилди.
Ошол эле учурда билим берүү кызматкерлерине мектеп психологдорун тартуу менен окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү, педагогикалык курам жана ата-энелер комитети менен терроризм актысы жөнүндө жашыруун билдирүүлөргө жол бербөө, терроризм актылары жөнүндө атайылап жалган билдирүүлөргө дуушар болушу мүмкүн болгон адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүү зарылдыгы боюнча маалыматтар жеткирилди.
Мындан тышкары, иш-чаранын катышуучулары КР укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасагандыгы үчүн жашы жете элек адамдардын ата-энелеринин жоопкерчилиги жана КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык кылмыш жоопкерчилиги эскертилди.
КР УКМК терроризм актысы тууралуу атайылап жалган билдирүү тараткан фактыларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.


Related posts

«Принцесса Дури»: Белгисиз жаранды сабап жаткан видео боюнча 3 жаран кармалды 

admin

Ысык-Көл облусундагы баасы 1 млрд. сомдон ашкан «Симирам» эс алуу борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.

admin

Айсулуу Тыныбекова Париждеги Олимпиадага жолдомо жеңди

admin

Комментарий