УКМК: Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев коррупцияга шектелип кармалды – ФОТО 

КР УКМК тарабынан мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшүүнүн алкагында Токмок шаарынын мэри У.Самаевдин «Токмок жылуулук» муниципалдык ишканасында туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга тиешеси бар экендиги аныкталды. 

Тактап айтканда, Токмок шаарындагы жеке үйлөрдүн борбордук жылуулук трассасына мыйзамсыз кошулуу фактысы боюнча, андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ага берилип турган.

2023-жылдын 17-апрелинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Токмок шаарынын мэри кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат,- деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.


Related posts

УКМК: И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схема аныкталды

admin

Роналду карьерасындагы эң кооз голдордун бирин киргизди

admin

Муфтият Орозо айы качан башталарын жар салды

admin

Комментарий