УКМК: Токтогул районунда жергиликтүү тургундар өзгөчө ири өлчөмдө баңги затын жасагандар аныкталды

Бул тууралуу УКМКНын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында баңги заттарды өндүрүү, сактоо жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотту.

Токтогул районунун Буракан айылында О.У.А. аттуу жаран кошунасынын үйүндө кол өнөрчүлүк аркылуу гашиш жасоону уюштуруп, үй ээлеринин туруктуу жоктугунан пайдаланып, чогултулган марихуананы камдап, кийин сатуу үчүн ар кандай прекурсорлорду колдонуу менен гашиш жасагандыгы аныкталган.

Жашаган жери боюнча О.У.А. өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары көрсөтүп, жергиликтүү укук коргоо органдары менен бир нече жолу чыр-чатакка барган, ошондой эле өзүнүн көмөкчү чарбасынын кызматкерлерин жапайы өскөн кара куурай чогултууга жана гашиш жасоого мажбурлаган.

2025-жылдын 12-февралында козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда жалпы салмагы 35 кг болгон баңги каражаттарынын ири партиясы (гашиш жана марихуана), ошондой эле баңги каражаттарын даярдоо үчүн жабдуулар табылып алынган.

Related posts

КР УКМК: Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча кармалды

admin

Жөтөл, чүчкүрүк… Өлкөдө 700 миңдей адам дем алуу органдарынын ооруларына даттанып дарыгерге кайрылган

admin

КР УКМК: «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасында бюджеттик каражаттарды чыгарып алуу боюнча коррупциялык схема токтотулду

admin

Комментарий